Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстанда жумушсуздук азайганын билдирди
2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 828,5 миң адамды түздү. Мындай маалыматтар Евразиялык экономикалык комиссиянын материалдарында айтылган.
Евразия экономикалык биримдиги 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ишке орноштуруу кызматына кайрылгандардын саны 17,2 пайызга азайганын билдирген. Анын ичинде Россияда — 29,8 пайызга, Кыргызстанда — 21,3 пайызга, Арменияда — 10,9 пайызга, Белоруссияда — 7,1 пайызга төмөндөгөн. Мындан тышкары Евразия экономикалык биримдигинде жумушсуздардын саны 18,1 пайызга кыскарды.» Кыргызстанда бул көрсөткүч 23,3 пайызга азайган. Ноябрдын аягында ишке орноштуруу кызматтарында 74,7 миң жаран катталган»,-делет маалыматта.