“Евразия-Кинофест жаңырыгы” эл аралык кинофоруму өтөт

31-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32

Бишкекте Евразия өлкөлөрүнүн “Евразия-Кинофест жаңырыгы”эл аралык кинофоруму өтөт

Тактап айтканда, 2025-жылдын 2-февралынан 5-февралына чейин Бишкекте Евразия өлкөлөрүнүн “Евразия-Кинофест жаңырыгы” кинофестивалынын Эл аралык кинофоруму өтөт. Иш-чаранын уюштуруучусу – «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму.  Анын ачылыш аземине кыргыз жана орус киносунун белгилүү өкүлдөрү катышат.

Эл аралык кинофорум  ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына саякат, кинорежиссерлор менен кесипкөй жолугушуулар, окуу модулдары, мастер-класстарды камтыйт.  Белгилүү актерлор менен жолугушуулар жана “Евразия-Кинофесттин” жеңүүчүлөрүнүн мыкты тасмалары көрсөтүлөт.

“Евразия-Кинофест жаңырыгы” кинофестивалынын эл аралык кинофоруму – постсоветтик өлкөлөрдүн киноиндустриясынын жана кино бизнесинин чөйрөлөрүнүн жана жамааттарынын бирикмеси, анын максаты көрүүчүлөрдүн арасында алардын тарыхына кызыгууну ойготуу болуп саналат.


        
31-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X