"Эркин-Тоо"

Евро-2020: Рекордчу Роналду

Футболдон Европа биринчилигинде кечээ Венгрия – Португалия таймашы Будапешт шаарында өттү. Талаа  ээлерин 67 миңден ашык күйөрмандар колдогонуна карабастан 0:3 эсебинде Португалия утуп кетти. Бул оюнда Португалия курамасынын капитаны 36 жаштагы Криштиану Роналду 2 топ кийирип эле айырмаланбастан Европа биринчилигинин рекордун да жаңылоого жетишти. Биринчиси: Роналдунун Европа биринчиликтерине 5-ирет катышып жатуусу. Ал буга чейинки 2004, 2008, 2012, 2016-жылкы биринчиликтерге катышкан. Экинчиси: 2004-жылдан берки турнирлерде 11 гол жаратканы болду. Буга чейинки рекорд франциялык Мишель Платиниге таандык болгон. Анын көрсөткүчү — 9 топ болчу.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!