Европадан келген туристтер Бишкекке поезд менен келишти

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80

6-сентябрда Бишкекке Германиянын Lernidee Erlebnisreisen GmbH компаниясына таандык эл аралык туристтик поезд келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» билдирди.

Поезд 11 заманбап вагондон турат. Анын курамында Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген 70тен ашуун турист бар.

Чет элдик конокторду темир жол бекетинде салтанаттуу тосуп алуу аземи уюштурулуп, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү. Туристтерге шырдак, кийиз буюмдары жана улуттук турмуш-тиричиликке байланышкан буюмдар тартууланды.

Андан соң туристтер Бишкек боюнча экскурсияга чыгышты. Алар борбор калаанын негизги тарыхый жана маданий жайлары менен таанышат.

«Кыргыз темир жолу» туристтик поезддин кыймылынын графигин сактоо жана чет элдик коноктор үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды камсыздоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X