ЭЖЕБИЗДИН ЭМГЕГИ ЖАНА ЭЛЕСИ ЭСИБИЗДЕ…
Белгилүү илимпоз жана коомдук ишмер, саясий илимдердин доктору, философия илимдеринин кандидаты, профессор, “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти, Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы, меценат Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева айым көзү тирүү болгондо 29-январда 70 жашка чыкмак. Ал болгону алтымыш бир жаштын чайын иче баштаганда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Эжебиз өлкөбүздүн мекенчил, мээнеткеч, жогорку илимий деңгээлдеги кызы катары таанылып, Кыргызстандын гуманитардык илимдер тармагына, көркөм өнөрүнө, музей, билим берүү, агартуу тармактарына демөөрчү катары эбегейсиз салым кошкон.
1999-жылы Гүлмира Сулаймановна “Оптималдаштыруу өнүгүп келе жаткан түшүнүк катары: логикалык-гносеологиялык анализ” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, философия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон. Он жыл өткөн соң, 2009-жылы Гүлмира эже саясат таануу тармагында докторлук диссертациясын “Улуттардын Шериктештиги азиялык мүчө-өлкөлөрдөгү саясий процесстердин фактору катары” деген темада ийгиликтүү жактап, саясат таануу илимдеринин доктору даражасына татыктуу болгон. Ага 2016-жылы 24-ноябрда саясат таануу адистиги боюнча “профессор” окумуштуулук наамы ыйгарылган.
Меценат эжебиздин илим-билим, маданият, искусство, дене тарбия жана спорт тармактарына үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келгенин ушул кезге чейин далай инсандар ыраазычылык менен айтып, эскерип келишет.
— Гүлмира Сулаймановнанын негизги илимий эмгектеринин диапазону өтө кеңири болду: эл аралык мамилелер, азыркы дүйнөлөшүү жүрүмдөрүнүн шартындагы саясий жана философиялык көйгөйлөр, ошондой эле демократия, адам укуктары, гендердик саясаттагы жаңы баскычтар жана башка илимий маселелер анын эмгектеринде ургаалдуу чагылдырылган. Кыргыздын туңгуч этнограф айымы К.Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы катары ал этнография, археология, антропология адистеринин башын бириктирген эл аралык жыйындарды бир нече ирет уюштурду. Жаш тарыхчылар арасында археолог Темирлан Чаргынов, этнографтар Айнагүл Жоошбекова, Нурабидин Маразыков, Гүлзада Жумашова сыяктуу таланттуу инсандар дал ушул кайрымдуулук корунун сыйлыктарынын ээлери болушкан. Археолог, профессор Кубат Табалдыев Ат-Башы районунун Кошой-Коргон шаар нугунун жанында жаңы музей курулганда, анын археологиялык бөлүмүн түптөөгө кол кабыш кылганын бир ирет айтып калды. Бул музей (ажайыпкана) Карахандар доорунда Улуу Жибек Жолунун таманында гүлдөп-өскөн Атбаш шаарынын маданий мурасын чагылдырган Ат-Башы өрөөнүндөгү маанилүү музей болуп калды. Айрым башка жерлерде музей курмак түгүл, эски шаар калдыктары таламакейге айланып жаткан чакта, бул Кошой-Коргон чалдыбарындагы иш-аракет, ошондой эле, Нарын облусундагы К.Мамбеталиева атындагы чөлкөм таануу музейинин колдоого алынышы өлкөбүз үчүн өрнөктүү иш болгон, – деп эскерет айылдаш иниси, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин.
2002-жылдан бери “Бал таттуу” коомдук уюмунун жетекчиси болуп келген. Таланттуу жаштарга өзгөчө көңүл буруп: анын демилгеси, меценаттык демөөрчүлүгү менен 20 жылдан бери жыл сайын мектеп окуучулары үчүн “Жаш таланттар” облустук, “Мен – жылдыз” республикалык кароо-сынактары жана фестивалдары өткөрүлүп келген. Бул конкурстун жеңүүчүлөрү анын колдоосу менен Австралия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Түркия жана башка өлкөлөрдүн эл аралык чыгармачылык конкурстарына катышууга мүмкүнчүлүк алышып, Гран-при ж.б. байгелүү орундарды ээлешкен.
— Гүлмира эжебиздин жаш таланттарга камкордуктун түрү катары ырааттуу уюштурган кароо-сынактарынын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү учурда кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү болуп, өлкөбүздү дүйнөгө таанытып жүрүшөт. Алардын катарында төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр, Асылбек Маратов, Баян Акматов, Болот Назаров, Нурсултан Малдыбаев, Кутман Садыбакасов, белгилүү ырчылар Кенже Көбөкова, Гүлзар Өскөнбаева, Мунарбек Чопиев, Жазгүл Жумаканова, Түгөлбай Эсенбек уулу жана башкалар бар. Ошондой эле далай өнөрлүү ырчы, манасчы, бийчи, шахматчы, спортчу жана башка таланттар эжекебиздин батасын алып, эл аралык конкурстарда жана мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келишкен. Мен дагы жаш таланттар катышкан кароо-сынактарды уюштурууга активдүү катышканым үчүн “Кыргызстандын маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгисине көрсөтүп, эмгегимди калыс баалаган, – дейт Кыргызстандын Журналисттер союзунун Нарын облусу боюнча төрагасы Кенжебай Кыдыров.
— Гүлмира Сулаймановнанын кыргыз элинин маданиятына кошкон салымын баалоо мезгил талабы. Анткени, ал Теңир-Тоонун аймагында, тактап айтканда Нарын шаарында көркөм сүрөт галереясын уюштурган. Нарын обулусунун ар кайсы аймактарындагы кароосуз калган клубдардан чаң басып жаткан, эч ким көңүл бөлбөгөн картиналарды чогултуп, жыйнап, акыры Теңир-Тоолуктарга эстетикалык таалим-тарбия берүү максатында көркөм сүрөт галереясын ачкан. Галереяда май боёк менен тартылган картиналардан тышкары графикалык да эмгектер, карандаш менен тартылган бир шилтемдер топтолгон. Теңир-Тоолуктарга бул зор маданий көрүнүш алардын кыргыз маданияты менен бирге кыл калем чеберлеринин чыгармачылыгындагы, жалпы эле кыргыз көркөм сүрөт өнөрүндөгү ар кыл тенденцияларды кабылдоого шарт түзгөн. Рухий көрөңгө өбөлгө болгон. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал кыл калем чеберлери, Кыргыз эл сүрөтчүлөрү: Жоомарт Кадралиевдин, Нарын Турпановдун, Таалай Усубалиевдин, Жылкычы Жакыповдун, Сапар Төрөбековдун, Каныбек Давлетовдун, Асан Турсункуловдун, Юристанбек Шыгаевдин, Талант Өгөбаевдердин галареядагы картиналары кимди болсо кайдыгер калтырбайт. Атактуу кыл калем чебери Эмил Токталиевдин картиналары менен Алмазбек Кудайбергенов жана Момунбек Акматбековдун эмгектери не деген гана мээнетти талап кылбады экен? Бөтөнчө, Н.Турпановдогу кыргыз табияты, Ж.Кадралиевдин каармандары, С.Төрөбековдун этюддарын карап отуруп кыргыз жергесинин булуң-бурчуна саякатка чыгасыз! Баарын тизмектеп отуруу максат эмес. Бирок жогорудагы сүрөтчүлөрдүн баарынын эмгектери Гүлмира Сулайманованын жеке каражатына сатылып алынып, галереянын пайдубалы түптөлгөн. Г.Мамбеталиева – “Кыргыздын П.М.Третьякову-орус ишкери жана меценаты, коллекционери”. Ал биринчи ирет айым-меценат!!! Кыздары кыйын кыргыздын дегенге далил. Баарынын эле мындай иш колунан келе бербейт! Таазим, Сизге Гүлмира Сулаймановна!!!
Галереяда биздин сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен тышкары АКШ, Франция, Германия, Улуу Британиянын көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү уюштурулуп келген” – дейт айылдаш иниси, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун ага кызматкери, көркөм сүрөт өнөрү боюнча эксперт Сапалкан Арипов.
Советтик доордогу жана эгемен өлкө болгону бир катар жаңычыл эмгектерге да Гүлмира эжеке демөөрчү болуп, басмадан чыгартты. Айрым акын-жазуучулардын китептерин чыгарууга да каржылык жардам көрсөткөн. Өзү кыргыздын көрүнүктүү журналисти, далай жылдар облустук “Нарын правдасы” гезитинин редактору жана редактордун биринчи орун басары болгон Сулайман Мамбеталиевдин кызы болгондуктан, атасынын калеминен жаралган “Жашоо чыйырлары”, “Баян”, “Көңүл кайрыктары”, “Кылымдар кыйыры” китептерине дагы демөөрчү болуп, окурмандарга тартуулаган.
Гүлмира эже Нарындагы В.Чкалов атындагы орус мектебин алтын медаль менен, Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн, орус тилинде да жогорку деңгээлде жаза билген адис эле. Ошондой эле эне тилин дагы мыкты билип, уулдары Улугбек менен Кубатка, неберелерине да кыргыз баалуулуктарын айтып, улуттук каада-салттардан, үрп-адаттардан кабардар кылып, мекенчилдик сезимде таалим-тарбия берген.
Негизги илимий эмгектери эл аралык мамилелердин жана ааламдаштыруунун саясий жана философиялык маселелердин, анын ичинде демократия, адам укуктары жана гендер тармактарындагы саясий процесстерди изилдөөгө багытталган.
100дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде – 5тен ашуун монографиянын жана жогорку окуу жайлар үчүн окуу китептердин автору болгон. Ал жарыялаган эмгектердин ичинде “Глобалдаштыруу контекстиндеги оптималдаштыруунун феномени”, “Улуттар Шериктештиги мүчө-өлкөлөрдүн саясий процесстеринин фактору катары: Азиялык өлчөм” жана башка эмгектерин кошууга болот. Индия, Египет, Кувейт, Монголия, Орусия, Казакстан ж.б. мамлекеттердин илимий жана саясий журналдарында басылган ондогон илимий макалалар бар.
Ал калемдеш болгон “Саясат таануу” окуу китеби ошол учурдагы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖдордун студенттери үчүн “Саясат таануу” предмети боюнча окуу китеби катары сунушталган. Андан тышкары ал калемдешип жазган “Адам укуктары. Демократия. Бийлик” окуу куралы — оригиналдуу энциклопедиялык сөздүк катары кызмат кылууда.
Профессор Гүлмира Сулаймановна бир катар кыргызстандык университеттерде лекция окуган.
2006-жылдан тартып Гүлмира эже кыргыз айымдарынын ичинен чыккан туңгуч окумуштуу этнограф К.Мамбеталиева атындагы Эл аралык коомдук фондду түзүп жана жетекчиси катары ырааттуу иштеди. Бул фонд Кыргызстандагы жана Борбордук Азия мамлекеттериндеги этномаданий жана этносоциалдык жүрүмдөрдүн көйгөйлөрү, Борбордук Азиядагы көп этностук коомдун маселелери боюнча бир республикалык жана эки эл аралык конференцияларды уюштурган жана алардын материалдарын бир нече китеп кылып жарыялаган. Аталган фонд таланттуу окумуштуу, педагог К.Мамбеталиеванын илимий мурасын сактоо, коомдук тармактардагы изилдөөчүлөргө кайрымдуулук колдоо көрсөтүү, тектеш коомдук илимдерге, анын ичинде этнография, антропология, тарых жана башка тармактардын ич ара тыгыз байланышын чыңдоо максаттарында ар тараптуу иштерди аткарып келди.
Кыргызстан гана эмес Борбор Азияга, Шериктеш мамлекеттерге таанылган “Дордой” ассоциациясынын ушундай эл аралык даражага жетишине Гүлмира Сулаймановнанын дагы зор салымы бар экенин жалпы коомчулук жакшы билет.
Албетте, Гүлмира эжекенин бул сыяктуу ар кыл багыттардагы демөөрчүлүгүн жана илимий-педагогдук жана башка багыттардагы ишмердигин жан дили менен ырааттуу колдоп, аларды каржылашкан инсандар – анын өмүрлүк жубайы, демөөрчү, коомдук ишмер, КРнын Эмгек баатыры Аскар Салымбеков жана алардын уулдары Улугбек менен Кубат экендигин ыраазылык менен баса белгилөө керек.
Шум ажал бир нерсени жеңе алган жок. Гүлмира эжекебиздин жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө калат. Анын жасаган кайрымдуулук иштери ар дайым эл-жерине мөмөсүн берип келет, анын секулярдык, демократиялуу, көп партиялуу жана парламенттик башкарууну көздөгөн идеялары, окуу китептери жана илимий эмгектери аркылуу болочоктогу муундарды тарбиялоосун улантат.
Ажалды жеңген, андан дагы улук өмүр, артында калган баалуу мурастары бар экенин мезгил көрсөтүүдө.
Маркум профессор Гүлмира Мамбеталиеванын ысымы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылынын түштүк-чыгышындагы “Кой-Таш” эс алуу жайына берилип, Нарын районундагы Эчки-Башы айылындагы эс алуу паркына аты ыйгарылган.
Кабыл МАКЕШОВ, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, айылдаш иниси