Фермерлерге айыл чарба техникасы 6% менен берилет
Кыргызстандык фермерлер айыл чарба техникаларын жана жабдууларын жылына 6% үстөк менен, жети жылга чейинки мөөнөткө лизингге ала алышат. Долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашырылууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, долбоорго Ислам өнүктүрүү банкы 45 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык насыя тарткан.
Каражаттар айыл чарба жана атайын техникаларды, ошондой эле кайра иштетүү ишканалары үчүн машиналарды жана жабдууларды лизингге берүүгө жумшалат.
Долбоордун алкагында фермерлерге төмөнкү шарттар сунушталат:
-
Лизинг мөөнөтү — 7 жылга чейин;
-
Жылдык үстөк пайызы — 6%;
-
Каржылоочу уюмдар — «АБанк» жана «Элдик Банк».
Долбоор айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Долбоордун биринчи этабы 2026–2030-жылдарга эсептелген. Ал эми жалпы ишке ашыруу мөөнөтү 2050-жылга чейин белгиленген.