Финансы министринин орун басары Руслан Татиков сөгүш алды
Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров финансы министринин орун басары Руслан Татиковго иш-милдеттерин так аткарбаганы үчүн сөгүш жарыялады. Бул тууралуу ал министрлердин орун басарлары жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешмесинде билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө ал аткаруучулук тартипти чыңдоо, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө кесипкөйлүктү жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.