Финландия Президенти Садыр Жапаровду куттуктады

23-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 54

Финляндиянын Президенти Саули Ниинистё  Президент Садыр Жапаровго  эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматында билдирилет.

“2022-жылдын 23-мартында Финляндия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Сизге чын жүрөктөн куттуктоомду, ошондой эле Сиздин өлкөңүзгө жана анын элине гүлдөп-өнүгүүнү, бакубатчылык  кааларымды  айткым келет”, — деп айтылат куттуктоо катында.

 

23-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X