Францияда Кыргызстандын элчилиги ачылды
КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Резиденциясы Бельгияда жайгашкан Кыргызстандын Франциядагы элчиси Муктар Жумалиев менен Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директору Фредерик Мондолони жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу маселелер, анын ичинде алдыдагы биргелешкен тышкы саясий иш-чаралар талкууланып, Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин расмий ачылганы туулалуу маалымдалды. Тараптар жакынкы аралыкта эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүүнү макулдашты.