Футбол боюнча Улуттук Курама Японияга учуп кетти
Японияда өтө турган 2022-Дүйнө Чемпионатына жана 2023-Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына кетип жаткан Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кабыл алып, аларга ийгиликтерди каалады. Мындан сырткары Футбол боюнча Улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичинге «Данк» медалын тапшырды. Мамлекеттик сыйлык Валерий Кичинге 2019-жылы өткөн Азия футбол кубогунда татыктуу оюн көрсөткөндүгү, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылган. Эске салсак, Кыргызстандын Улуттук курама командасы Япониянын, Мьянманын жана Монголиянын курама командалары менен беттешет.