Гүлайша АТАБАЕВА, нутрициолог, диетолог: “Ооз ачкандан кийин дароо эле күчтүү азыктарга тап койбой, суу ичиш керек”

 Быйыл Орозо айы 11-мартта башталды. Күн барган сайын узарууда. Күн бою суусабай, ток жүрүш үчүн кандай тамактануу керек, кандай азыктар менен оозду ачууга болот деген суроо актуалдуу болушу мүмкүн.  Дегеле бул айда ден соолугубузга кандай кам көрөбүз деген суроолордун айланасында адистен жооп алдык. Биздин суроолорубузга диетолог, нутрицолог, Гүлайша Атабаева эжебиз жооп берди.

—  Гулайша айым мынакей ыйык рамазан айы да кирип келди. Орозонун алгачкы күндөрүн кечирип жатабыз. Элибиздин басымдуу бөлүгү орозо кармашты. Ушундай учурда канчалык деңгээлде туура тамактанып жатканыбызды баарыбыз эле биле бербейбиз. Орозодо ашказанга күч келтирбей, кандай тамактанган туура?

— Ооз ачкандан кийин дароо эле күчтүү азыктарга тап койбой, мүмкүн болушунча суу ичиш керек. Анткени 14 саат ачка болууда организм сууга аябай муктаж болот. Суу менен оозду ачкандан кийин бир эле курма жеш керек. Айрымдар дароо 3-4 курманы катары менен жеп киришет. Бул туура эмес, себеби, канга инсулинди көп чыгарып салат. Бир курманы жегенден кийин суу же чай ичип, бир аз убакыт өткөрүп салат же жашылчаларга өтүп анан жеш керек болот.  Себеби, биздин мээ күн бою ачка жүрүп, глюкозага муктаж болот. Ошондуктан табигый тамактарды, мөмө-жемиштерди бериш керек. Туура эмес тамактанып, дароо эле нанды, этти, майлуу тамактарды  жеп албаш үчүн алгач клетчатка жеш керек. Клетчатка деген бул – салаттар. Пайгамбарыбыз айткандай ашказаныбызды үчкө бөлүп, бир бөлүгүн тамак менен, экинчи бөлүгүн суу менен ал эми үчүнчү бөлүгүн боштук менен толтуруш керек. Бул аздан жеш керек дегенди билдирет.

— Ооз ачканда биздин организмге зыян бербей турган жер-жемиштер кайсылар?

— Ооз ачаар менен дароо жер-жемиш жегенге да болбойт. Оозду ачып алган соң, аздан салат жеп, андан кийин суюк тамак ичкенден кийин гана жер-жемиштерге өтсөк болот. Кивиде, мандаринде с витамин көп. Алма, бананда калий бар. Ал жүрөктүн иштешине  абдан жакшы. Булардын бардыгы пайдалуу. Ашказаныбыз 400 эле грамм болгондугуна байланыштуу булардын ар биринин төрттөн бир бөлүгүн гана жесек жетиштүү болот. Эртең мененки ооз бекитүүгө чейин бизде убакыт көп. Ошол убакытта аз-аздан жесе болот. Бирок суунун муктаждыгын сөзсүз толтуруубуз зарыл. Себеби, көп адамдардын кан басымы түшүп кетет. Ошондуктан өзүнүн салмагына жараша сууну толуктоо керек.

— Кечки 10дон кийин организм автоматтык түрдө уйкуга даярдана баштайт экен. Ошол учурда биротоло эле ооз бекитип жатайын деген канчалык зыян?

— Өтө зыян. Себеби, биз уктаганда биздин бардык ички органдарыбыз дагы укташы керек. Мисалы жүрөк 24 саат бою иштейт. Бирок, ошол эле боор, бөйрөк эс алышы керек. Анан бир даана семичканы оозубузга салсак деле инсулин бөлүп чыгарат. Ошондуктан биз уктаганда биздин организм да уктаганы жакшы. Ошондуктан уйкунун мааниси да өтө чоң.

— Негизи саат кечки алтыдан кийин жеңил тамактаныш керек деп айтылат эмеспи, бирок ооз ачаар так ошол учурга туш келгендиктен, кандай кылабыз?

— 14 саат ачка жүргөндө организм өзү эле ошого даяр болуп калат. Ошентсе деле оор эмес, жеңил тамактарды жей турган болсок, түн уйкубуз да жакшы болот. Эт 14 саатта араң аш болот, сиңет. Ошондуктан эттүү тамактан мүмкүн болушунча абайлап, азайтышыбыз керек. Тоок этине, балыкка өтсө болот.

— Эми ооз бекитээрде кандай тамактанган туура?

— Адамдын бир күндүк энергиясына анча деле тамак кетпейт. Биз энергияны абадан, күндөн деле алабыз. Тамактан эле энергия алабыз деген бир аз жаңылыш ой. Мисалы, мен эртең менен оозду бекиткенде өтө көп жебейм.

— Организм ойгоно электе кабыл алган тамак кандай таасир этет?

— Негизи ошондуктан таң эрте бир стакан суу ичкиле деп айтылат. Анан бир аз көнүгүү жасап, организмди ойготушубуз керек. Өзү да, организми да ойгонуп-ойгоно электе шашып тамак жеп алган тамак чындыгында бул жакшы нерсеге алып келбейт.

— Бир жылда бир эле жолу орозо кармайбыз. Башка учурда ашыкча салмактан арылуу үчүн организм жакшы иштеши үчүн дайыма сиздердин кеңешке муктажбыз, кандай кеңеш бере аласыз?

— Орозо — ден соолукту чыңдайм деген адам үчүн өтө сонун мүмкүнчүлүк. Бирок, бул төрөй турган жаш кыз-келиндерге туура келбейт. Себеби, ар бир саатта бөлүнүп чыкчу гармон бар. Төрөйт турган айымдын организминен бөлүнүп чыккан ошол гармон баланста болушу керек. Балансты кармоо үчүн ар бир өзүнүн саатында азыктанып турушу керек.

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА

 

 

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X