
Бишкек аймактык башкармалыгынын медициналык
кызматтын сапатын текшерүү бөлүмүнүн жетекчиси
Гүлмира ЧЕРИКОВА
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын медициналык кызматтын сапатын текшерүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Черикова менен ММК полиси, “Электрондук жеңилдетилген рецепт” маалымат системасы тууралуу кыскача маектештик.
– Гүлмира Кыдыралиевна, “Электрондук жеңилдетилген рецепт” маалымат системасы кайсыл убактан бери иштей баштады?
– «Санариптик Кыргызстан 2019–2023» программасынын санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2021-жылдын январь айынан тарта Бишкек шаарында “Электрондук жеңилдетилген рецепт” маалымат системасы иштеп жатат. Бишкек шаарында кагаз жүзүндөгү рецепттердин иштөөсү токтотулган. 2021-жылдын 1-январынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлер жана фармацевттер милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген программалары боюнча рецепттерди электрондук форматта иштеп башташты.
– “Электрондук жеңилдетилген рецепт” системасында бейтаптан эмне талап кылынат?
– Системада рецепт жазуу пациенттин ПИН-кодун киргизүүдөн башталат. ПИН-код – пациенттин ID картасында көрсөтүлгөн 14 орундуу жеке номер. Пациенттин ПИН-коду жана рецептинин номери болбосо, дары-дармекти электрондук рецепт аркылуу сатуу мүмкүн эмес. Демек, ПИН-кодсуз жеңилдетилген рецепт берилбейт. Белгилей кетсек, бул коррупциялык схемаларды болтурбоого мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Маалыматтык системада пациенттин жеке маалыматында электрондук почтасынын дарегин жана/же уюлдук телефонунун номерин көрсөтүү зарыл. Ар бир рецепт берилгенден кийин пациенттин электрондук почтасына жазуу жүзүндө рецепттин номерин, анын колдонуу мөөнөтүн жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан компенсациянын болжолдуу суммасын көрсөтүү менен автоматтык түрдө билдирүү жөнөтүлөт. Ошентип, бейтап өзү ага жазылып берилген бардык рецепттер тууралуу толук маалыматы болот жана көрө алат. Сиз, үй-бүлөдөгү (уулу, кызы, небереси, бир тууганы, ж.б.) бир мүчөнүн электрондук почта дарегин көрсөтө аласыз.
– Жазуу түрүндөгү электрондук рецепттер эмне болот?
– Жазуу түрүндөгү электрондук рецепт катталган дарыдармектерге гана талап кылынат. Башка учурларда рецептти бейтапка мурдагыдай жазып берүүнүн зарылчылыгы жок. Фармацевттер рецептти кагаз жүзүндө талап кылууга укугу жок, көрсөтүлгөн өзгөчөлүктү кошпогондо, бул чаралардын баары дарыдармек менен камсыздоо системасынын ачык-айкындуулугуна, маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө, тактыгына, ошондой эле коррупциялык схемаларды жоюуга багытталган.
– Буларды ишке ашыруу үчүн кайсы мекемелер кызмат көрсөтүшөт?
– Бишкек шаарында электрондук рецепттерди ишке ашыруу үчүн 10 Үй-бүлөлүк медицина борбору, Темир жол ооруканасынын бейтапканасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу «Клиникалык оорукана» мамлекеттик мекемеси медициналык кызмат көрсөтүүчү болуп эсептелет. Ал эми 27 фармацевтикалык компания фармацевтикалык кызмат көрсөтүшөт. Фармацевтикалык компаниялар менен келишим түзүүдөн мурда эксперт-дарыгерлер комиссиялык негизде жерине барып, документтерди экспертизадан өткөрүшөт. ММК фондунун маалымдамасына ылайык, дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын ассортиментин, дары-дармек каражаттарын сактоо шарттарын жана медициналык буюмдарды, дарыкананын санитардык абалын текшерүүдөн өткөрүшөт. Андан кийин гана корутунду берилип, бардык нормалар сакталган шартта Бишкек шаарынын калкына фармацевтикалык кызмат көрсөтүү боюнча келишимдер түзүлөт. 2022-жылдын 1-ноябрынан бери бул 27 фармацевтикалык компаниялар ММК Фондунун Бишкек аймактык башкармалыгы менен келишимдик негизде иштеп жатышат. Жарандар аталган жерлерден электрондук рецепт боюнча дары-дармек ала алышат.
– Медициналык кызмат алууда өз укуктарын билбегендер кимге кайрылса болот?
– Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана стационарларда медициналык кызмат алууда өз укуктарыңыз тууралуу, ММК полиси боюнча так маалымат алгыңыз келсе, дарыканаларда фармацевт кызматкерлери менен түшүнбөстүктөр же кандайдыр бир суроолор жаралса, акысыз “113 шыр байланыш” телефонуна чалып, кайрылсаңыздар болот.
№104 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-ноябры
Маектешкен Бактыгүл КУЛАТАЕВА