Ишкер айым Гүлжанат РАЙЫМБЕКОВА: “БЕРКИ САМЫНДАН АЙЫРМАСЫ КАТУУ БОЛУП, КӨП ЭЗИЛБЕЙТ, КИРДИ ЖАКШЫ КЕТИРЕТ”
Гүлжанат Булановна Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын тургуну. Жалгыз бой эне эки уул, бир кызын жалгыз багып, тарбиялап келет. 2022-жылы социалдык келишим долбоорунун негизинде 100 миң сом алган. Ал каражатка кой алып, аны төлдөтүү менен чакан мал чарбасын түптөп алуу аракетинде. Ал ортодо бош отурбай өз алдынча ыкмаларын үйрөнүп, учурда үй шартында кадимки самындарды жасоо менен алек. “Интернеттеги жарнамалардан эле самын жасоону үйрөндүм. Курсту болгону 100 сомго сатып алдым. Самын жасап сатуу оюмда деле жок болчу. Үйдөгү чыгымды азайтып, жок дегенде самынымды өзүм жасап алайын деген максатта эле сатып алгам. Жасап көрсөм абдан жакшы экен. Өтө көп жасап алыпмын, жакындарыма бекер тараттым. Аларга жагып, кайра мага май беришти. Аларды алып келип самын жасап, өзүмөн ашканын сата баштадым. Ошентип ишим уланып, киреше кире баштады. Эчкинин, уйдун, жылкынын майы айтор бардык малдын майынан жасаса болот. Жай келгенде ромашка, крапива, календула, чалкан кошуп жасап көрдүм, абдан жакшы болот экен. Кийин аларды кургатып алып, кошуп жүрдүм. Мисалы, чалкан аллергияга жакшы экен. Айылда эл арасында аллергия, экземалар көп кездешет эмеспи. Ошолорго жакшы экен деп жатышат. Азыр кызыгуубуз ого бетер артып, идиш жуучу каражаттарды, тиш пасталарды жасоо жолдорун курстардан окуп, үйрөнүп жатам. Кадимки айна да жасаса болот экен. Өзүбүз кенен колдонуп, бирок сатыка чыгара элекмин. Анткени лицензиям жок. Патент ала элекмин, буюрса апрелде алам деп жүрөм. Азыр онлайн окуп жатабыз дедим го, ошол жерден шакар самындын рецебин таптым. Чөптү өрттөп, анын күлүнөн щелоч алат экен. Жайында чөптү жыйнап чогултуп алып, аны кышында иштеткенге аракет кылам” – дейт Гүлжанат эже. Самындар 7 күндө даяр болот экен. 150 даана самынды 2 саатка жептеген убакытта даяр кылса болорун айтат. Азыр Гүлжанат айымга эжеси жардам берип жатыптыр. Бир кир самындын салмагы 200 граммдан ашат. Аны 45 сомдон сатат. Глицерин, алое кошулган дарылык касиети бар самындар 30 сомдон өйдө. Бирок түшкөн киреше боюнча так маалымат кыла электигин билдирди. Бардык эле самынга щелоч кошулат эмеспи, бирок аны май менен аралаштырганда 7-8 күндө зыяндуулугун жоготот. “Берки дүкөндө сатылган самындан айырмасы биздин самындар аябай катуу болот. Берки самындардай бир аз сууга эле эзилип калбайт. Кийимдеги такты жакшы кетирет. Ошондуктан элге жагып, дайымкы кардарларым көбөйдү. Азыр айналарды жасап алып, өзүм колдонуп жатам. Азыр эми лицензия алууга аракет кылуудамын. Тиш паста менен шампунь жасоо жолдорун үйрөнүп, окуп жатам” – дейт ал.
Элетте жашап, жумуш жок деп отуруп калбай, кызыккан нерсесин интернеттен таап, өз алдынча үйрөнүп, үй шартында самын жасап ишкерлик кылган каарманыбыз жаздан баштап кир жууй турган айнаны да үй шартында жасоону максат кылат. Самын ишкерчилиги кеңейип калса, кошумча жумушчу алууну максат кылат. Себеби, чоң көлөмдө кир жуучу каражаттарды чыгаруу ниети бар. Ал эми самындын рецебин сурагандарга бекер эле берет. Буга чейин деле бекер эле үйрөтүп келген ал мындан кийин да үйрөтөөрүн кошумчалады. Күндөн-күнгө самын алган кардарлардын саны арбып баратканын айтып, кубанганын билдирген маектешибиздин баштаган ишине ийгиликтерди каалайбыз!
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА