G7 жакыр өлкөлөргө 2 млрд вакцина дозасын бөлөт
Бул тууралуу саммитте айтылды. Бөлүнө турчу вакцина дозасы ЕБ тарабынан каржыланып, Covax аркылуу таратылат. Маалыматка ылайык, АКШ 2021-2022-ж.ж. аралыгында 500 млн вакцина дозасын убада кылса, Улуу Британия 100 млн тууралуу билдирген.
Учурда G7 жеке сектор жана G20 өлкөлөрү менен бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 2021-жылдын аягына чейин G7 өлкөлөрүндө кошумча 700 млн доза өндүрүү пландалып жатат. Анын жарымын экспорттоо күтүүлүүдө.