Гараждардын ордуна мектеп жана унаа токтотуучу жай курулат
Бишкек шаарындагы «Ак-Жорго» гараж кооперативинин ээлерине гараждарын ыктыярдуу түрдө бузуу үчүн 2027-жылдын 1-мартына чейин кошумча убакыт берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, гараж кооперативи жайгашкан аянты 2,183 гектар муниципалдык жер мектеп жана көп кабаттуу автоунаа токтотуучу жай куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Тиешелүү чечим 2026-жылдын 7-сентябрында Бишкек шаарындагы жер тилкелерин берүү боюнча комиссия тарабынан кабыл алынып, жер инвесторго 25 жылдык мөөнөткө берилген.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн курулуш жүрө турган аймак гараждардан толук бошотулушу керек. Буга чейин «Ак-Жорго» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү гараждарды 2026-жылдын 7-декабрына чейин бузуу боюнча кепилдик милдеттенме алышкан.
Бирок гараж ээлери кошумча убакыт берүүнү өтүнүшкөн. Мындан улам мэрия ыктыярдуу түрдө бузуу мөөнөтүн 2027-жылдын 1-мартына чейин узартты.
Жер тилкеси толук бошотулгандан кийин инвестор даярдык, долбоорлоо жана курулуш иштерин баштай алат. Келишимге ылайык, курулуш жер тилкеси берилген күндөн тартып үч жыл ичинде аякташы керек.
Белгилей кетсек, 25 жылдык мөөнөт аяктагандан кийин жер тилкеси курулган объектилери менен бирге Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлөт. Эгерде инвестор курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрбөсө, жер тилкеси шаарга кайтарылат.