“Газпром нефть Азия” ЖЧКсы жана “Мунай-Мырза” ЖАК АКШнын Каржы министрлигинин санкциясына кабылды. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланган.
Вашингтон 10-январда бийликтин алмашуусунан улам Россия экономикасынын мунай-газ секторуна чектөөлөр пакети кабыл алынганын жарыялады. OFAC (Каржы министрлигинин санкциялардын аткарылышына жооптуу бөлүмү) тизмеге “Сургутнефтегаз” жана “Газпром нефть” компаниялары, ошондой эле алардын 20га жакын туунду компаниялары киргенин билдирди.
“Газпром нефть Азия” ЖЧКсы менен “Мунай-Мырза” ЖАК “Газпром нефть” компаниясынын туунду компаниялары болуп саналат.