Генерал-майор Артур МЕДЕТБЕКОВ: “Техникалар менен камсыздоо чоң жетишкендик”

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56

— Жакында Президент Садыр Жапаров ӨКМ жана УКМКнын Чек ара кызматына  атайын техникаларды тапшырды. Сиз бул саамалыкты кандай кабыл алдыңыз?

Генерал-майор Артур МЕДЕТБЕКОВ

“Техникалар менен камсыздоо чоң жетишкендик”

— Учурда дүйнөдө абдан татаал, ар бир мамлекетти кооптондурган, коопсуздукка, стабилдүүлүккө шек келтирген кыянатчылыктар, коркунучтар бар десем жаңылышпайм. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Себеби, эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүз эки жолу террордук, бандиттик түзүлүштөрдөн коргонууга аргасыз болгон. Эки жолу согуш болуп кеткен. 2021-жылдын 29-апрелинен 2-майга чейин Баткенде коңшу Тажикстандык аскерлер агрессия кылып, территориябызга кирип, көптөгөн жарандар каза болуп, миңдеген үйлөр өрттөлүп, чоң зыянга учураганбыз. Мындан улам биздин куралдуу күчтөр даярдык, жабдык, техника жагынан керектөөлөргө муктаж. Ошондуктан, аскердик техникалардын, өрт өчүрүүчү автоунаалардын алынганы чоң жетишкендик. Эл-жердин тынчтыгы үчүн патриоттук сезимде мындан да көп жана жогорку деңгээлдеги техникалар менен камсыз болуп, куралдуу күчтөргө бардык шарттарды түзүшүбүз зарыл. Бүгүнкү күндө ар бир өлкө өзүнүн мамлекеттүүлүгүн, территориясын сактаганга кызыкдар. Ошондой эле күчтүү болушубуз керек. Эгер күчсүз, техникаң жок болсо анда талап-тоноп басып алууга кызыккандар көбөйөт. Президенттин аскердик техникаларды алуу аракети, биздин мамлекетке, территорияга кызыкдар өлкөлөрдүн же террордук уюмдардын нысабын, багыттарын токтотконго чоң таасирин тийгизет.

№31 «Эркин-Тоо» гезити
2021-жылдын 1-апрели
Жазгүл Карбосова

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X