Гонконг менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы багыттары каралды
Кыргызстан менен Гонконг туризм, халал тамак-аш өнөр жайы жана ислам каржысы багыттарында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов менен Кытай-Гонконг эл аралык соода-экономикалык ассоциациясынын (CHKETIA) вице-президенти Уильям Чан жетектеген делегациянын жолугушуусунда сөз болду. 
Жолугушууга Sky Angel Travel (Asia) Limited туристтик компаниясынын өкүлдөрү да катышты.
Тараптар Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана ишкердик байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Мээримбек Койчуманов Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берип, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарына токтолду. Ал эми делегация өкүлдөрү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга, ишкердик байланыштарды чыңдоого жана өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.