Грэпплинг боюнча NAGA чемпионаты Бишкекте өтөт
12-13-июнь күндөрү Кыргызстанда грэпплинг боюнча NAGA республикалык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш «Динамо» спорт комплексинде өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, сынак Балдарды коргоо күнүнө арналган.