Гүлнара Баатырова, Жогорку Кенештин депутаты: “Ачык кабинет” эл менен бийликти жакындатты
Мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, жарандардын үнүн угуу жана бийлик менен элдин ортосундагы байланышты чыңдоо максатында ишке ашып жаткан “Ачык кабинет” долбоору коомчулук тарабынан кеңири колдоого алынууда. Бул демилгенин натыйжалуулугу, мамлекеттик башкаруудагы орду жана эл үчүн мааниси тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Баатырова менен маек курдук.
-Гүлнара Маришовна, “Ачык кабинет” долбоору чиновниктердин ишин канчалык деңгээлде ачык кылып көрсөтүп жатат?
– Менин оюмча, “Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик кызматкерлердин ишин элге ачык көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түздү. Аймактарды өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер, кабыл алынган чечимдер жана жүргүзүлүп жаткан реформалар коомчулукка кеңири тааныштырылууда.
– “Ачык кабинет” долбоору эл менен мамлекеттик кызматкерлердин байланышын жакшырта алдыбы?
– Ооба, мурунку аткаруу бийлигинде иштеген адам катары айтаар элем, бул долбоор эл менен бийликтин ортосундагы байланышты жакшыртууда маанилүү роль аткарып жатат. Жарандар түз суроо берип, өз сунуштарын айтууга мүмкүнчүлүк алышууда. Бул өз ара ишенимди бекемдөөгө жардам берүүдө.
– Жарандар “Ачык кабинет” аркылуу жетекчилерге өз көйгөйлөрүн эркин жеткирип жатышабы?
– Албетте. Азыр жарандар өз көйгөйлөрүн, сунуштарын жана кайрылууларын ачык айтып жатышат. Алар үчүн жер-жерлердеги маселелерди угуп, аларды ыкчам чечүү эң негизги милдеттердин бири болуп саналат.
– “Ачык кабинет” долбоору мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын канчалык деңгээлде камсыздап жатат?
— Бул долбоор мамлекеттик башкарууда ачыктыкты күчөтүп жатат деп эсептейм. Анткени эл мамлекеттик долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөөгө жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк алды.
– Бул долбоор коомчулуктун мамлекеттик иштерге активдүү катышуусун арттыра алдыбы?
– Ооба, жарандардын мамлекеттик иштерге катышуусу акырындап жогорулап жатат. Эл кайдыгер карабай, өз пикирин билдирип, коомдук маселелерди чечүүгө активдүү аралаша баштады.
– Аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар өз убагында жарыяланып жатабы?
– Маалыматтарды мүмкүн болушунча ыкчам жана так жеткирүүгө аракет кылып жаткандыктарын ММКлардан, соцтармактардан көрүп жатабыз. Себеби ачык маалымат элдин ишенимин бекемдөөнүн негизги шарттарынын бири.
– “Ачык кабинет” долбоору эл менен бийликти жакындатып жатабы?
– Менимче, бул долбоор эл менен бийликти бир топ жакындатты. Элдин үнүн угуу, аймактардагы көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана мамлекеттик долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө аркылуу натыйжалуу диалог түзүлүп жатат.
Чынайым Кутманалиева