Гүлнара Баатырова, Жогорку Кеңештин депутаты: “Апага болгон сагыныч өмүр бою жашайт экен”

19-май, 2026-ж. / Редакция / Маек 260
“Сабыр кылган адам эч качан утулбайт” — бул сөз депутат Гүлнара Батырова үчүн өмүрлүк ураанга айланган. “Менин апам” рубрикасынын бул жолку каарманы болгон эл өкүлү апасынын тарбиясы, жүрөгүндө өчпөй сакталган сагынычы жана өмүрүнө багыт берген эненин сөздөрү тууралуу жылуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

— Гүлнара Маришовна, апаңыз аман болгондо Энелер күнү менен кантип куттуктайт элеңиз?

— Апа, майрамыңыз кут болсун деп, жүрөгүмдөгү чексиз сүйүүмдү айтып жеткирмекмин. Апама бекем ден соолук, узун өмүр, берекелүү карылык каалап, Ар дайым жаныбызда аман жүрүңүз демекмин. Аны бекем кучактап, көпкө чейин эркелеп жанында отурмакмын…

— Апаңыз тууралуу ойлогондо эң биринчи эмне эсиңизге түшөт?

-Апамды эстегенде көз алдыма таң заардан туруп, үйдүн берекесин камдап жүргөн элеси тартылат. Ар дайым жаркылдап тосуп алып, дасторкону жайнап турган үйүбүз эсиме келет. Апамдын мээрими, жагымдуу үнү, бизге болгон чексиз камкордугу бүгүнкү күнгө чейин жүрөгүмдө сакталуу. Ал элдин баарына бирдей мамиле кылып, улууну урматтап, кичүүгө ызаат көрсөтчү. Бул сапаттары мага өзгөчө таасир калтырчу.

— Жашоодо берген эң чоң сабагы кайсы болду?

-Апам бизге бийик адамгерчиликти, сабырдуулукту жана эмгекчил болууну үйрөттү. “Адамдын эң чоң байлыгы — анын жакшы аты” деп көп айтчу. Кандай кызматта жүрбө, эң биринчи адамдык сапатты жоготпоону, элге жакын болууну, бирөөгө жакшылык кылууну дайыма эскертип турчу.

— Апаңыздын эмгегин кандай сүрөттөп берет элеңиз?

-Апамдын эмгегин сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Ал 41 жашында атамдан ажырап, 11 баланы жалгыз тарбиялап өстүрдү. Баарыбызга жогорку билим берип, турмуштан өз ордубузду табышыбызга жол ачты. Ошол эле учурда үйдүн да, сырттагы иштердин да түйшүгүн көтөргөн мээнеткеч жан эле. Кең пейилинен улам үйүбүздөн мейман үзүлчү эмес. Баарына жетишип, ар бирибизге өзүнчө мээрим төгүп турган берекелүү аял болчу. Апамдын чыдамкайлыгы менен эмгекчилдиги биз үчүн жашоодогу чоң үлгү болуп калды.

 -Сизде апаңызга окшош сапаттар барбы?

— Адамдарга жылуу мамиле кылуу, конок тосууну жакшы көрүү, жакындарга кам көрүү, кандай кырдаал болбосун сабырдуу болуу сыяктуу сапаттарымды апама окшоштурам. Айрыкча эл менен иштегенде апамдын тарбиясы мага чоң жардам берет.

Эл алдында күчтүү көрүнгөнүңүз менен, апаңызды сагынган учурда кандай абалда болосуз?

— Эне деген орду толгус адам экен. Эл алдында канчалык бекем көрүнгөнүң менен, апамды эстегенде жүрөк баары бир жумшарып кетет. Кээде апамдын үнүн, айткан сөздөрүн сагынып, ичимен сүйлөшүп калган учурлар болот. Апама болгон сагыныч өмүр бою жүрөктө жашайт экен.

Кыйын учурда апаңыздын кайсы сөзү сизге күч берет?

— Апам “Сабыр кылган адам эч качан утулбайт”, — деп көп айтчу. Ошондой эле “Жакшылык кылып жашагыла, адамдын ыраазычылыгы  эң чоң байлык” дечү. Турмушта оор учурлар болгондо апамдын ушул сөздөрү мага дем берип, күч-кубат тартуулайт.

— Апаңыз сиздин кандай адам болушуңузду кыялданчу эле?

— Апам эң биринчи адамгерчиликтүү, элге керектүү адам болушумду каалачу. “Элдин батасын алгыла, карапайым болгула” деп көп айтчу. Бүгүн ошол сөздөрдү жүрөгүмө туу тутуп жашап келем. Эгер апамдын үмүтүн актай алган болсом, бул мен үчүн эң чоң бакыт.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X