Гүлшаркан Култаева: Президент ыкчам чечимдерди кабыл алууда
Президенттин аймактардагы жарандар менен жолугушуусу, андагы көтөрүлгөн көйгөйлөр, жергиликтүү жетекчилердин ишине болгон баасын эл өкүлү ынанымдуу жүйөлөр менен кененирээк чечмелеп берди. Эмесе, биздин жандуу маанайдагы маегибизге ортоктош болуңуздар.
— Гүлшаркан айым, Президент Садыр Жапаров өткөн аптада Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында жергиликтүү жетекчилердин ишине нааразычылыгын билдирип, жыл соңу менен бул жаатта кадрдык жүрүштөргө барарын жар салды. Айтыңызчы, район, облус жетекчилеринин толук кандуу маселе чечип иштешине бүгүн эмне тоскоолдук кылууда? Же жергиликтүү деңгээлдеги жетекчилерди тандоо начар болуп жатабы?
— Бул маселени жетекчилерди тандоодогу кемчиликтер менен гана түшүндүрүү туура эмес. Албетте, кадрдык көйгөй бар, бирок, башкаруу системасынын өзүндө да жергиликтүү жетекчилердин демилгелүү, ыкчам иштешин чектеген жагдайлар жок эмес. Менин баамымда, көпчүлүк чечимдер борборлоштурулган. Айыл деңгээлиндеги маселени район менен, район облус менен, айрым учурда борбордук органдар менен макулдашууга туура келет. Мындай көп баскычтуу макулдашуу убакытты алып, эл күтүп жаткан маселелердин чечилишин создуктурат. Ошондуктан, жетекчиден жыйынтык талап кылуу менен бирге, анын колунда жетиштүү ыйгарым укук жана каржылык мүмкүнчүлүк барбы деген суроону да коюшубуз керек. Жоопкерчилик менен мүмкүнчүлүк тең болушу зарыл. Күчтүү кадрларды жергиликтүү деңгээлге тартуу жана ошол жерде кармап калуу маселеси бар.
— Өлкө башчыбыз республикалык кеңешмеде 2030-жылга чейин экономикалык өсүштү камсыз кылуу, инвестиция тартуу, аймактарды өнүктүрүү боюнча 10 негизги тапшырма берди. Бүгүнкүдөй жергиликтүү жетекчилик курам менен Президент койгон тапшырмалар өтөөсүнө чыгарына көзүңүз жетеби?
— Президент койгон тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок, ал үчүн жергиликтүү жетекчилерден талап кылуу менен катар алардын иштөө ыкмасын өзгөртүп, кесиптик мүмкүнчүлүгүн күчөтүү керек. Бул жерде кеп жетекчинин жеке жөндөмүндө гана эмес, анын артында кандай адистер жана кандай даяр долбоорлор турганында. Менин баамымда, Президент жана анын командасы экономикалык өнүгүүнү тездетүү, инвестиция тартуу үчүн ыкчам чечимдерди кабыл алууда. Бюджеттин өсүшүн, айлыктардын жогорулашын, социалдык объектилердин курулушун ошол аракеттердин натыйжасы катары кароого болот. Эми борбордук деңгээлдеги бул аракеттер аймактарда сапаттуу даярдалган, ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлор менен улантылышы керек.
Дүйнө тездик менен өзгөрүп жатат, инвестиция үчүн атаандаштык да күчтүү.
Ошондуктан, ар бир район “бизге инвестор келсин” деп күтүп отурбастан, өзүнүн мүмкүнчүлүгүн так аныкташы зарыл. Кайсы тармакты өнүктүрүүгө ыңгайлуу? Кандай жергиликтүү ресурс бар? Электр энергиясы, суу, жол жетиштүүбү? Өндүрүлгөн товарды кимге сатууга болот? Ушул суроолорго
эсепке негизделген жооп болушу керек. Мен мамлекеттик инвестициялык долбоорлоо институттарын түзүү же бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү зарыл деп эсептейм. Алар аймактардагы мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп, артыкчылыктуу долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап бериши керек.
— Жергиликтүү элдин көйгөйлөрү тууралуу район, облус башчысына же тиешелүү министрликтерге эмес, Өлкө башчысынын өзүнө кайрылышында кандай сыр бар?
— Негизги себеп, жарандардын өз маселеси жергиликтүү деңгээлде чечилерине болгон ишениминин солгундашы. Адам айыл өкмөтүнө, районго же тиешелүү министрликке кайрылып,
өз убагында так жооп алса, Президентке чейин кайрылуунун зарылдыгы деле болмок эмес. Ал эми маселе узакка созулганда, эл акыркы үмүтүн Мамлекет башчысына байлайт. Жогоруда айткандай, чечим кабыл алуунун ашыкча борборлоштурулушу да буга таасир этет. Район облуска, облус өкмөткө жөнөтүп, жогору жактан кайра “өз ыйгарым укугуңардын чегинде чечкиле” деген жооп келиши мүмкүн. Айрым жетекчилер чечим кабыл алууда ката кетирип алуудан чочуласа, башкалары жоопкерчиликти өзүнө алгысы келбейт. Натыйжада кагаздар айланып, жарандын маселеси ордунда кала берет. Кайрылууну башка мекемеге жөнөтүү — аны чечүү деген сөз эмес. Дагы бир маанилүү жагдай — жетекчилер алмашканда иштин улантылбай калышы. Жаңы жетекчинин “бул менден мурун
болгон, билбейм” деген мамилеси жаран үчүн жооп боло албайт. Мамлекеттик башкарууда жоопкерчилик уланууга тийиш. Мурунку жетекчинин тушунда түшкөн арыздар, кабыл алынган мыйзамдуу чечимдер жана аткарылбай калган милдеттер кийинки жетекчиге өткөрүлүп, көзөмөлдө турушу керек. Жетекчи келет, кетет, бирок, мамлекеттин эл алдындагы милдети калат.
Калыгул Бейшекеев