Гүлнара Баатырова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Ырыс-Ордо» өлкөбүздүн ынтымагын, өнүгүүсүн даңазалаган куттуу жай болсун

25-август, 2026-ж. / Редакция / Күн собол 212

-«Ырыс- Ордону» көрүп, абдан жүрөк толкуткан сезимдерге бөлөндүм. Заманбап талаптарга жооп берген, төрт тарабы төп келген бул комплекс эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө бардык шарттары түзүлгөн мыкты жай экенине суктандым.

Мындан ары «Ырыс -Ордо» маанилүү мамлекеттик жолугушуулардын, эл аралык жана дипломатиялык мамилелерди чыңдоого багытталган иш-чаралардын ордосу болот деген чоң ишеним менен кайттым.

Өзгөчө сыймыктандырган жагдай — имараттын курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланганы. Бул аткарылган ири иштер бүгүнкү күндө өлкөбүздүн күч-кубатын, кудуретин жана мүмкүнчүлүктөрүн ачык көрсөтүп турат.

Аты айтып тургандай, «Ырыс -Ордо» өлкөбүздүн ырыс-кутун, ынтымагын жана өнүгүүсүн даңазалаган куттуу, акжолтой жай болсун!

Кыргызстандын аброюн дүйнөгө тааныткан, мамлекетибиз үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынган ордо болуп кызмат кылсын!

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X