Күмөндөр Абылов,КРнын эл артисти: «Урпактарыбыз “Ырыс”, “Ынтымак” ордолорун ыйык сактасын» деп тилек кылдым
-Мен жеке эле «Ырыс-Ордо» эмес, ошол тараптагы салынып жаткан үйлөргө, бири-бирине айкалышкан жаңы имараттарга суктанып, сыймыктанып, кубануу менен кабыл алып, сүйүнүп жүрдүм. «Биз убайын көрбөсөк да, балдарыбыз, урпактарыбыз көрүп, “ЫРЫС, ЫНТЫМАК” ордолорун ыйык сактап, “ЭГЕМЕНДИГИБИЗ” түбөлүк колубуздан чыкпасын!» — деп, Кудайдан тилендим.
Андан тышкары, мурунку жана кээ бир азыркы жегичтерди көрүп, ошолордун уялбай кантип келгенине, өздөрүн кандай сезип жатканына кызыгып карап турдум. «Ит кана салбаган немелер: “Биз деле ушинтип койсок болмок экен”, — деп ойлонушту бекен ошолор?» — дедим ичимен.
Бирок алардын эч кимисинин кандайдыр бир уялган түрүн байкабадым!..
Чынайым Кутманалиева