Адылбек Касымалиев Клиникалык оорукананын 80 жылдыгына катышты

Бүгүн, 8-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Клиникалык оорукана» мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Жамаатты жана мекеменин ардагерлерин ушул маанилүү дата менен куттуктап жатып, МинКаб Төрагасы оорукананын улуттук саламаттык сактоо системасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгиледи.Адылбек Касымалиевдин айтымында, мекеменин 80 жылдык баяндамасы – бул бир нече муун дарыгерлердин жана медицина кызматкерлеринин жан аябас эмгегинин, парзга берилгендиктин жана ата мекендик медицинанын тынымсыз кесиптик жактан өркүндөшүнүн тарыхы.

«Ондогон жылдыктар бою Клиникалык оорукана өлкөбүздүн алдыңкы медициналык мекемелеринин бири бойдон калууда. Бул жерде күчтүү кесиптик мектеп калыптанган, медицинанын алдыңкы багыттары ийгиликтүү өнүккөн жана дарылоонун прогрессивдүү ыкмалары киргизилген», — деп баса белгиледи ал, мисал катары бейтаптын боорунан салмагы 5 килограммга жакын шишикти ийгиликтүү алып салууну келтирди.

2021-жылдан тартып медициналык мекемеде материалдык-техникалык базаны масштабдуу жаңыртуу жана бөлүмдөрдү заманбап диагностикалык жана дарылоочу жабдуулар менен жабдуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев мекеменин инфраструктурасын мындан ары стратегиялык өнүктүрүү пландарын жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакынкы жылдарда жаңы заманбап 12 кабаттуу медициналык корпус куруу пландаштырылууда.
«Инфраструктураны кеңейтүү жана материалдык-техникалык базаны комплекстүү модернизациялоо калкка сапаттуу, өз убагында жана жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Соңунда Адылбек Касымалиев медиктерге оор жана асыл эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, Клиникалык оорукананын жамаатына бекем ден соолук, кесиптик бийиктиктерди жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X