Бишкекте тогуз айда 267 миң чарчы метр муниципалдык жер бошотулду
2026-жылдын январь–сентябрь айларында Бишкек шаарында 8 427 объект демонтаждалып, жалпы аянты 267 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу шаар мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы маалымдады.
Демонтаждалган объекттердин 4 062си жеңил типтеги курулуштар болсо, 1 093ү капиталдык курулуштар, кошумча курулмалар, тосмолор жана пайдубалдар болгон. Мындан тышкары, шаар аймагынан 3 272 жарнамалык конструкция алынган.

Жол долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында 842 объект демонтаждалган. Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын, Чоң Чүй каналынын жана башка суу объектилеринин жээктерин тазалоо учурунда 56 курулуш алынган. Ал эми Түндүк айланма жолун реконструкциялоо жүрүп жаткан тилкеде 44 объект демонтаждалган.
Ошондой эле тогуз айда укук бузуулар боюнча жалпы суммасы 76 млн 144 миң сомду түзгөн 2 101 протокол түзүлгөн. Муниципалдык жерлерди иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн ижара акысы катары 85 млн 619 миң сом өндүрүлгөн.
Отчеттук мезгилде башкармалык сотко 50 доо арыз берип, 466 соттук отурумга катышкан. «Менин шаарым» («Мой город») тиркемеси аркылуу шаар тургундарынан 1 032 кайрылуу түшүп, отчет даярдалып жаткан учурда алардын 88и кароодо болгон. 
Бишкек шаарында муниципалдык жерлерди мыйзамсыз пайдаланууну токтотуу, аймактарды бошотуу жана шаардагы тартипти камсыз кылуу иштери улантылууда.