Данияр Амангелдиев Кыргызстан-Түркия ишкер кеңешинин делегациясы менен жолукту

Бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Эмре Йылдыз жетектеген, Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар кеңешине караштуу Кыргызстан-Түркия ишкер кеңешинин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташууга байланыштуу актуалдуу маселелерди, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун конкреттүү келечегин талкуулашты.

Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасы Түркия Республикасы менен кызматташтыкты тереңдетүүгө артыкчылыктуу маани берерин белгиледи. Ал Министрлер Кабинети инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун укуктарын коргоо жана ишкердик жүргүзүү үчүн мүмкүн болушунча эң ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында ырааттуу иш алып барып жатканын белгиледи. Кызматташуу үчүн эң келечектүү тармактардын катарында ал текстиль жана тигүү өнөр жайын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү, заманбап курулуш материалдарын өндүрүүнү, ошондой эле күн энергиясы жаатындагы долбоорлорду атады.

Делегация башчысы Эмре Йылдыз өз сөзүндө эки өлкө элдеринин ортосундагы терең тарыхый, маданий жана руханий жалпылыктар, ошондой эле бир туугандык байланыштар узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн бекем негиз болорун белгиледи. Ал түрк ишкерлеринин Кыргызстан рыногундагы катышуусун кеңейтүүгө жана эки тараптуу сооданын көлөмүн арттырууга болгон чоң кызыгуусун билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар түз ишкер байланыштарды жандандырууга, пландалган демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүүгө жана кыргыз-түрк экономикалык байланыштарын мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X