Медербек Алиев: Кыргыз балдарына эне тилди үйрөтүү — ар бир мекендештин милдети

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163

23-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев «Чет өлкөлөрдө кыргыз тилин сактап калуу жана өнүктүрүү» аталышындагы II эл аралык форумдун ачылышында сөз сүйлөдү.

Ал чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз балдарына эне тилин үйрөтүү мамлекеттин, коомдун жана ар бир мекендештин орток милдети экенин белгиледи.

Медербек Алиев кыргыз тилин үй-бүлөдө, билим берүүдө, илимде жана заманбап технологияларда кеңири колдонуу зарылдыгына токтолуп, форумдун жыйынтыгында биргелешкен долбоорлор жана кызматташтык механизмдери иштелип чыгарына ишеним билдирди.Возможно, это изображение отдел новостей и текст

Форумга чет  мамлекеттен келген мекендештер, окумуштуулар, тилчилер жана коомдук ишмерлер катышууда.

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X