Шакиранын концерти: Бишкекте төрт автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт
18-октябрда Шакиранын «Бишкек Аренада» өтө турган концертине байланыштуу Бишкектеги №23, 100, 35 жана 45-автобустардын каттамдары бир күнгө өзгөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өзгөртүүлөр концерт өтө турган аймактагы жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө.
Мэрия жүргүнчүлөргө сапарларын пландаштырууда убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууну сунуштады. Калган автобустар кадимки тартипте каттайт.
Эске салсак, концерт көрүүчүлөрүн стадионго жеткирүү жана кайра алып келүү үчүн алты атайын автобус каттамы уюштурулат. Автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүнчүлөрдү стадионго ташыйт. Алар толгонуна жараша, 4–6 мүнөттүк аралык менен жөнөп турат.
Концерт аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү автобустар түшүрүп кеткен жерлерине кайра жеткирет.