Жогорку Кеңеште аймактардагы суу, мектеп, бала бакча маселелери айтылды
Бүгүн, 28-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынындагы «Ар кандай» саатында депутаттар аймактардагы суу менен камсыздоо, мектептерди жана бала бакчаларды куруу, ирригация, жер үчүн компенсация төлөө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш шарттары боюнча бир катар маселелерди көтөрүштү.
Депутат Улугбек Ормонов Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Бостон айылындагы сугат жана таза суу көйгөйлөрүнө токтолду. Ал насостук станциянын маселесин чечүү жана калкты таза суу менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
Азизбек Турсунбаев Аксы районундагы Маданият үйүн капиталдык оңдоо жана жылытуу системасын калыбына келтирүү маселесин көтөрдү. Анын маалыматына караганда, бул иштерди жүргүзүүгө 9,5 млн сом талап кылынат. Депутат тиешелүү каражат бөлүү маселесин кароого чакырды.
Жылдыз Таалайбек кызы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы Э. Мейманов атындагы мектептин абалына көңүл бурду. Депутаттын айтымында, мектептин экинчи жана үчүнчү корпустары авариялык абалда деп табылган. Ал окуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы мектеп куруу же имаратты капиталдык оңдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Ал эми Медина Кайрылбекова Кара-Бура районундагы мектепти капиталдык оңдоого 48 млн сом бөлүнгөнүн, бирок долбоорго жылытуу системасы кирбей калганын билдирди. Депутат жылытуу системасын да оңдоо иштерине кошуу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.
Жумабек Салымбеков Бишкектин Свердлов районуна караштуу Ак-Бата жаңы конушунда бала бакча куруу иштерин тездетүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал конуштагы канализация маселесин чечүүгө көңүл бурууга чакырды.
Мавлюда Калбердиева Сузак районунда аэропорт куруу үчүн 360 гектар жер бөлүнгөнүн, анын 200 гектары сугат жерлери болгонун маалымдады. Анын айтымында, дыйкандар бул жерлерге алма бактарын отургузуп, жүзүм өстүрүп келишкен. Жерлер аэропортко берилер алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ар бир гектар үчүн 160 миң сомдон компенсация төлөнөрү убада кылынган. Бирок депутаттын билдирүүсүнө ылайык, маселе ушул күнгө чейин чечиле элек. Ал компенсация төлөө маселесин жөнгө салууну өтүндү.
Нуржамал Торобекова Кара-Суу районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагындагы Торгой-Булак айылында социалдык объектилердин жоктугун көтөрдү. Депутаттын маалыматына караганда, айылда 1 500дөн ашык адам жашайт. Бирок мектеп жана башка социалдык объектилер болбогондуктан, балдар коңшу айылдарга барып билим алууга, ал эми тургундар медициналык жардам алуу үчүн башка калктуу конуштарга кайрылууга аргасыз.
Чолпон Эсенаманова Панфилов районундагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн тургундары сугат суу маселеси боюнча кайрылып жатканын билдирди. Ал ирригациялык каналдарды куруу жана оңдоо зарылдыгын белгилеп, Бухара жана Тельман айылдарында БДР жана БСР куруу маселесин да көтөрдү.
Мындан тышкары, Алтынкуль Мурзакимова 2021-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында курулган 18 жашка чейинки балдар үчүн реабилитациялык борбордун ишмердүүлүгүнө байланышкан маселеге токтолду.
Илимбек Кубанычбеков Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы Жаңы-Кызыл-Суу айылына бала бакча куруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал Машрап-Сай каналы аркылуу өткөн көпүрөнүн абалына көңүл бурду. Депутаттын айтымында, көпүрө мындан 20 жыл мурун ашар жолу менен курулган жана учурда жараксыз абалга келген.
Жыйындын соңунда Болот Ибрагимов Бишкек шаарында иштеген тергөөчүлөрдүн жумуш жүктөмү оор экенин белгиледи. Ал кызматкерлердин иши көбөйүп, мындай шартта иштөө барган сайын кыйындап жатканын айтты.
Депутат Ички иштер министрлигин жана Министрлер Кабинетин тергөөчүлөрдүн иш шарттарын жакшыртуу, ошондой эле алардын моралдык-психологиялык абалын колдоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.
Жыйында көтөрүлгөн маселелер аймактардагы инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана мамлекеттик кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу зарылдыгына байланыштуу болду.