Кыргызстан менен Азербайжан курорттук туризм жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын төрагасы Сахиб Мамедов менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстанда санаторий-курорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана бул тармакка инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Сахиб Мамедов конфедерациянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат берип, Азербайжандагы заманбап санаторий-курорттук комплекстерди башкаруу жана эс алуучулар үчүн ден соолукту чыңдоо кызматтарын уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Кыргызстан минералдык жана термалдык булактарга, тоолуу климаттык курортторго жана Ысык-Көлдүн рекреациялык мүмкүнчүлүктөрүнө бай. Бул ресурстар дарылоо жана ден соолукту чыңдоо туризмин өнүктүрүүгө, ошондой эле тармакка инвестиция тартууга шарт түзөт. Заманбап инфраструктураны өнүктүрүү туристтер үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана аймактардын экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болушу мүмкүн.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашууну улантууга жана санаторий-курорттук кызмат көрсөтүү, ден соолукту чыңдоо туризми жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X