Меңди Мамазаирова: «Роза Айтматова эч качан Айтматовдун карындашы экенин айтып мактанчу эмес»

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 85

Акын, драматург Меңди Мамазаирова менен Роза Айтматованын адамдык сапаттары, улуттук билимге кошкон салымы, адабий мурасы жана кыргыз кыз-келиндеринин коомдогу орду тууралуу маектештик.

— Меңди эже, Роза Айтматова  бир өмүргө илимпоздукту, педагогдукту жана коомдук ишмердүүлүктү батыра алган кеменгер инсан эле. Анын басып өткөн жолун артка кылчайып караганда, сизди эң көп суктандырган эмгеги кайсы? Кыргыз коомчулугу анын кайсы эмгегин өзгөчө баалашы керек деп ойлойсуз?

— Кыргыздын үлгү боло турган ак байбичелери биринин артынан бири кетип жатканы ичти ачыштырбай койбойт экен.

«Сынбасты уста жасабайт, өлбөстү Кудай жаратпайт» дегендей, эч бир пенде бул дүйнөгө түбөлүк түркүк болуп калбайт. Ошентсе да, жакын адамды жоготуу оор. Жоготуу деген — орду түбөлүккө бош калганы.

Бирок адамдан из калат. Ал — артында калган эмгеги жана урпактары. Роза Айтматовадан таалим-тарбия алып, анын билиминен, адамдык сапаттарынан үлгү алган муун үчүн эженин элеси, изи дайыма сакталат. Мен да андан таалим-тарбия алгандардын катарындамын.

Роза эженин пендеде сейрек кездешкен сабырдуулугу, токтоолугу, ички терс эмоцияларын кармай билгени, басмырттыгы, бирөөнү жамандап сүйлөбөгөнү, үнүн жумшак колдонгону, айкөлдүгү суктандырчу. Бул сапаттардын ар бири өзүнчө үйрөнүүгө арзыйт.

Мен Роза эжеден эч качан «Мен Төрөкул Айтматовдун кызы болом» же «Мен Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы болом, биле жүргүлө!» деген сөздөрдү уккан эмесмин. Ушул сапаты мени өзгөчө таң калтырып, суктандырат. Бул — чыныгы адамдык бийиктик, өмүр бою үйрөнө турган өрнөк.

Роза эженин улуттук билимге кошкон салымы да өзгөчө белгиленүүгө тийиш. Ал илим-билимге өмүрүн арнап, коомго кызмат кылды. Анын ата-энеси тууралуу жазган китептери да өзүнчө баалуу руханий мурас. Менимче, Роза эженин ата-энеси тууралуу жазган ар бир китеби аздектелип сакталып, кийинки муундарга толук жетиши керек. Анткени бул эмгектерде бир үй-бүлөнүн гана эмес, ошол доордун оор сыноолору, адам тагдыры жана тарыхый окуялар чагылдырылган.

— Роза эже атасынын репрессияга кабылышы сыяктуу оор үй-бүлөлүк тагдырды башынан өткөрүп, ошого карабастан илимге, билимге жана коомго кызмат кылды. Анын турмуштук кыйынчылыктарга туруштук берген кайраты, ички күчү жана адамдык бийиктиги сизге кандай таасир калтырды?

— Роза Айтматова атасынан беш айлык кезинде ажыраган. Ал кезде, албетте, эс-акылы калыптана элек наристе болчу. Эс тарткандан кийин баарын түшүнө баштайт. Энеси Нагиманын атасы тууралуу айтып бергендеринен, бир туугандарынын эскерүүлөрүнөн улам анын тагдырын билип чоңоёт.

Төрт баланы тарбиялап, атасынын жоктугун билдирбей, билим берип, келечекке үмүт менен караган энесинин кайраты, күчү жана чыдамкайлыгы Роза эжеге да өткөнү мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Анын үстүнө, ак жеринен атылып кеткен атасынын элеси балдарынын баарына тоодой таяныч болуп турганын түшүнүшүбүз керек. Мындай үй-бүлөлүк тагдыр адамга чоң сабак берет. Роза эженин өмүр жолу да кыйынчылыкка карабай билим алуунун, эмгектенүүнүн жана коомго кызмат кылуунун үлгүсү болуп калды.

Ата-энеси тууралуу жазган эскерүүлөрү аркылуу ал өз үй-бүлөсүнүн тарыхын гана эмес, ошол мезгилдеги оор тагдырларды да кийинки муунга жеткирди. Ошондуктан анын китептери окулуп, сакталып, келечек муундарга мурас катары берилиши керек деп эсептейм.

— Ал кыргыз кыз-келиндеринин билим алышы, өз алдынча инсан катары калыптанышы жана коомдо татыктуу орун ээлеши үчүн эмгектенди. Бүгүнкү күндө кыздардын билим алуусуна, аялдардын укугун коргоого жана лидерлигин өнүктүрүүгө Роза эженин идеялары кандай багыт бере алабы?

— Роза Айтматова алысты баамдай билген көрөгөч инсан эле. Ушундай коомдо жашап туруп, кыргыз кыз-келиндеринин илим-билимге ээ болушу, коомдук турмушка аралашып, өз ордун табышы зарыл экенин жакшы түшүнгөн.

Ошондуктан гендердик саясатты колдоп, кыз-келиндердин укуктарын коргоо багытында көп эмгек жумшады. Бул иштерге кайдыгер карабай, өзүнүн билимин, күчүн жана убактысын арнады.

Роза эженин бул багыттагы эмгеги бүгүн да актуалдуу. Анткени кыздардын билим алышы, аялдардын укуктарынын сакталышы жана коомдук иштерге активдүү катышуусу — азыркы коом үчүн да маанилүү маселелер. Анын басып өткөн жолу жаш муунга билимге умтулууну, өз укугун билүүнү жана коом алдындагы жоопкерчиликти сезүүнү үйрөтөт.

Роза эже кыргыз кыз-келиндеринин билимдүү, өз алдынча ой жүгүрткөн, коомго пайдасын тийгизген инсандардан болушун каалаган. Анын илим-билимге жана коомдук иштерге кошкон салымы ушул жагынан да маанилүү. Мындай инсандардын өмүр жолу улуттук баалуулуктарыбызды сактоо менен бирге, заман талабына ылайык өнүгүүгө да үндөйт.

— Сиз Роза эжени кесиптеш, насаатчы жана адам катары жакындан билдиңиз. Анын башкалардан айырмалап турган өзгөчө сапаты кайсы эле? Жаштарга, кесиптештерине жасаган мамилесинен анын кандай инсан экенин ачып берген, өмүр бою эсиңизде кала турган бир окуяны айтып бере аласызбы?

— Роза Айтматова бар жерде тынчтык, беймаралдык жана ынтымак өкүм сүрчү экен. Азыр ойлосом, анын адамга таасири ушунчалык күчтүү болгон. Кээде Чыңгыз Айтматовго окшош жүзү менен унчукпай, жөн гана бир топко чейин карап койгону эле жетиштүү болчу.

Биз «Ала-Тоо айымдары» коомдук-экологиялык кыймылынын ардактуу мүчөлөрү элек. Арабызда Роза Айтматова, Кайыргүл Сартбаева, Жамал Сейдакматова, Самара Токтакунова, Дарика Жалгасынова жана башка белгилүү инсандар бар болчу.

Бир жолу театрда чоң иш-чара өткөрүп бүткөндөн кийин кафеге чай ичкени бардык. Коомдун жетекчиси Жыпаргүл Баргибаева: «Дагы 30 мүнөт бар экен, кирбей коё тургула», — деп калды. Дасторкон даяр эместир деп, биз бир аз нааразы боло түштүк.

Ошондо Роза эжебиз: «Кыздар, кантесиңер? Отуз мүнөт заматта өтүп кетет», — деп жумшак үнү менен жылмайып койду. Биз ошол замат тыйыла түштүк.

Ушул кичинекей көрүнгөн окуянын өзүндө анын кандай адам экени көрүнүп турат. Ал эч кимди жемелебей, үнүн көтөрбөй эле кырдаалды жөнгө сала билчү. Ашкере токтоолугу, калыстыгы, сабырдуулугу жана эмгекчилдиги бизге өмүр бою үлгү бойдон калат.

Дагы бир өзгөчө белгилей турган нерсе — өмүрүнүн аягына чейин ой жүгүртүүсүнүн тактыгын, сөзүнүн салмагын сактап келгени. Роза Айтматованы ар кандай кырдаалда маекке чакырышчу. Ал чарчадым дебей, журналисттердин өтүнүчүн четке какпай, маекке барып, өз оюн айтып берчү. Журналисттердин ишин да сыйлай билчү.

Эженин элеси, айткан сөздөрү бүгүн ар кандай телеканалдарда сакталып, жаңырып турат. Анын өзүнө гана таандык стили, токтоо мүнөзү жана адамдык бийиктиги көпчүлүктүн эсинде калды.

Биз үчүн Роза эже — эмгеги менен да, инсандык сапаттары менен да үлгү болгон өзгөчө адам. Анын токтоолугу, сабырдуулугу, айкөлдүгү жана кыргыз кыз-келиндеринин келечеги үчүн жасаган иштери эсте калды. Мен үчүн Роза Айтматова кыргыздын Умай энесиндей, мээримин төгүп, акыл-насаатын айтып, артынан өчпөс из калтырган асыл инсан. Анын илимге кошкон салымы, ата-энеси тууралуу жазган китептери жана адамдык өрнөгү кийинки муундар үчүн да баалуу мурас болуп кала берет.

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X