Кара-Талаа айылында 230 млн сомго курулган мектеп пайдаланууга берилди

1-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 100

Бүгүн, 31-октябрда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы Б. Алаков атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы имараты менен таанышты.Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Иш-чарада Төрага айыл тургундарын, мугалимдерди, ата-энелерди жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаттары Кара-Талаа айылына жаңы мектеп курууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Эми айыл тургундарынын көптөн берки тилеги ишке ашты.

Марлен Маматалиев өзүнүн тажрыйбасынан мисал келтирип, 2012-жылы Өкмөттө иштеп турганда туулуп-өскөн айылына мектеп куруу демилгесин көтөргөнүн, бирок анын курулушу он жылга жакын убакыттан кийин гана аяктаганын айтты.

«Мурда бир мектептин курулушу он жылга чейин созулган учурлар болгон. Ал эми азыр Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөбүздө ири өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Акыркы беш жылда 700гө жакын билим берүү объектиси бүткөрүлүп, 500гө жакын завод-фабрика курулду», — деди ал.

Ошондой эле Төрага 2027-жылы республика боюнча дагы 112 мектеп жана 40 оорукана куруу пландалып жатканын маалымдады. Алардын арасында оор илдеттерди дарылоо жана орган алмаштыруу операцияларын жасоо мүмкүнчүлүгү бар заманбап оорукана да болот.Возможно, это изображение детская игрушка и текст

Мындан тышкары, ал ар бир айылдын өзгөчөлүгүнө, жаратылыш ресурстарына жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өндүрүш ишканаларын ачуу зарылдыгын белгиледи.

«Жер-жерлерде өндүрүш ишканаларын ачып, жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу элибиздин жашоо деңгээлин жогорулатышыбыз керек», — деди Марлен Маматалиев.

Төрага өлкөдө чечүүнү талап кылган маселелер дагы эле бар экенин белгилеп, ошол эле учурда жасалып жаткан иштерге да объективдүү баа берүү керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жаңы мектеп республикалык бюджеттен бөлүнгөн 230 миллион сомго курулган. Эки кабаттуу имарат 275 окуучуга ылайыкталган. Анда заманбап компьютердик класс, химия, биология жана физика лабораториялары, спорт залы, ашкана жана кичи футбол аянтчасы бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө Марлен Маматалиев окуучуларды жана мугалимдерди колдоого багытталган бир катар демилгелерин да жарыялады. Ал окуучулар жаңы мектеп формалары жана музыкалык аспаптар менен камсыздаларын билдирди. Ошондой эле мектепти эң жакшы көрсөткүчтөр менен аяктаган үч бүтүрүүчүнүн жогорку окуу жайларындагы окуу акысын төлөп берүүгө жана алдыңкы мугалимге атайын сыйлык тапшырууга убада берди.

Төраганын айтымында, бул демилгелер окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырууга, таланттарын өнүктүрүүгө жана мугалимдердин эмгегин колдоого багытталган.

Иш-чаранын соңунда жаңы мектептин курулушуна жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон бир катар инсандарга ыраазычылык каттары тапшырылды.

Төраганы иш сапарында депутаттар Рахат Жунушбаева жана Максат Алымбеков коштоп жүрдү.

1-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X