Депутат Эргешов каратэ боюнча дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду ээледи

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 160

Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов Түркиянын Анталия шаарында өткөн Шотокан каратэ-до (SKIF) боюнча XV дүйнөлүк биринчиликте коло медалга ээ болду.

Мелдеш 9-15-ноябрь күндөрү өтүп, ага 47 өлкөдөн 1140 спортчу катышты. Алар жеке ката, кумитэ, командалык ката жана командалык кумитэ дисциплиналары боюнча күч сынашты.Возможно, это изображение боевые искусства и текст

Кыргызстандын атынан 55 спортчу катышып, алардын арасында Бекмурза Эргешов да болду. Ал 40 жаштан жогорку спортчулар арасында якусоку кумитэ дисциплинасы боюнча үчүнчү орунду ээледи.

Жалпысынан кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк биринчиликте 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль утуп, жалпы командалык эсепте 11-орунду камсыздашты.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 160
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X