Чет өлкөлүк университеттер Кыргызстан менен кызматташат
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Испаниядан келген делегация менен жолугушушту.
Жолугушууга Ибероамерикалык университеттер фондунун (FUNIBER) өкүлдөрү, ошондой эле Бремен жана Миссури университеттеринин профессорлору катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Министр Гульзат Исаматова чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен өнөктөштүктү чыңдоо кыргызстандык студенттер үчүн эл аралык билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк университеттин филиалын ачуу, ошондой эле FUNIBER жана өнөктөш жогорку окуу жайлардын ортосунда кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн кароо боюнча макулдашууга жетишилди.
Өз кезегинде министрлик долбоорду мындан ары иштеп чыгууга, анын ичинде лицензиялоо жана укуктук жактан тариздөө маселелери боюнча өз компетенциясынын чегинде көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.