«Биз биргебиз!» аттуу майыптыгы бар адамдарды колдоо бир айлыгы башталды
Кыргызстанда 3-декабрь – Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата 15-ноябрдан 15-декабрга чейин «Биз биргебиз!» аттуу майыптыгы бар адамдарды колдоо жана кайрымдуулук бир айлыгы өткөрүлөт.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, бир айлыктын негизги максаты – майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо, алардын коомдук турмушка толук кандуу катышуусуна шарт түзүү жана инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 токтомунун алкагында уюштурулууда.
Анын жүрүшүндө мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана коомдук түзүмдөргө майыптыгы бар адамдарды колдоо, алардын дене-бой мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, бардык жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү милдети жүктөлгөн.
Министрлик мамлекеттик жана коомдук уюмдарды, бизнес өкүлдөрүн жана жарандарды бир айлыктын алкагындагы иш-чараларга активдүү катышууга, майыптыгы бар адамдарга колдоо көрсөтүүгө жана жеткиликтүү, инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө салым кошууга чакырды.
Белгилей кетсек, Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1992-жылы белгиленген. Анын максаты – майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана алар туш болгон көйгөйлөр тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу.