Орозбеков Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги менен жолугушту

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57

 Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ЖАМКнын Кайтаруу жана конвой департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Адилет Орозбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саясий эрки, жаза аткаруу органдарынын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин эбегейсиз эмгеги аркылуу кылмыштуу идеология кыска убакыттын ичинде жок кылынып, бардык жаза аткаруу мекемелеринде режим жана мыйзам үстөмдүгү орнотулганын белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле ЖАМКнын Кайтаруу жана конвой департаментинин кызмат өтөө шарттары жана материалдык-техникалык базасы, анын ичинде жоокерлер менен офицерлердин жашоо жана тамактануу шарттары менен таанышты.

Кыдыруу учурунда олуттуу эмес бузуулар белгиленип, Адилет Орозбеков аларды жоюу боюнча көрсөтмөлөрдү берди.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X