Жалал-Абадда 4 автоунаа айыпка жыгылды

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан атмосфералык абаны коргоо жана автоунаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Кыпчак-Талаа айылынын аймагындагы Бишкек–Ош автожолунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте уюштурулду.

Рейддин жүрүшүндө 14 автоунаа токтотулуп, алардын атмосферага бөлүп чыгарган зыяндуу газдары атайын өлчөөчү жабдык — дымомердин жардамы менен текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында төрт автоунаадан чыккан зыяндуу заттардын көрсөткүчү белгиленген ченемден ашканы аныкталды. Бул фактылар боюнча тиешелүү мыйзамдарга ылайык төрт административдик протокол түзүлүп, жалпы 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Белгилей кетсек, мындай рейддик иш-чаралар атмосфералык абанын булганышын алдын алуу, экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу жана айдоочулардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X