МинКаб башчысы жакынкы жылдарга стратегиялык милдеттерди атады
Бүгүн, 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында жакынкы жылдарга стратегиялык милдеттер тууралуу айтып берди.
Белгилей кетсек, жыйында 2025-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет, 2026-жылга республикалык бюджет жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамдын долбоору, ошондой эле 2027-жылга республикалык бюджет жана 2028–2029-жылдарга пландык мезгил жөнүндө Мыйзамдын долбоору каралууда.
МинКаб башчысы 2025-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын бекиткенин белгиледи. Программада бир катар милдеттер аныкталган, анын ичинде: экономиканын орточо жылдык өсүшүн 8 пайыздан жогору деңгээлде камсыздоо; негизги капиталга инвестициялардын көлөмүн ИДПнын 20 пайызына чейин жеткирүү; Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнүн катарына кирүү.
«2027-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашат деп болжолдонууда. Биз консолидацияланган бюджеттин жалпы ресурстарынын көлөмүн 1 трлн 53 млрд сомго чейин жеткире алдык. Каражаттар социалдык чөйрөгө жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзгөн ири инфраструктуралык долбоорлорго багытталат. Билим берүү чөйрөсүнө 134,2 млрд сом, саламаттык сактоого — 76,4 млрд сом, социалдык коргоого — 47,3 млрд сом каралды. Социалдык саясаттын алкагында 2027-жылдан тартып бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган көп балалуу энелерге «Бала Береке» бир жолку жөлөкпулдарын төлөө башталат. Президенттин Жарлыгына ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулатылат», — деди ал.
Адылбек Касымалиев 2027-жылы республикалык бюджет боюнча капиталдык чыгымдардын көлөмү 110,7 млрд сомго (мамлекеттик бюджет боюнча — 137,2 млрд сомго) жетерин улантты. Анын ичинде Барскоон — Бедел автомобиль жолун курууга 17,7 млрд сом каралды. Социалдык объектилерге, таза сууга, ирригацияга жана инфраструктуралык иштерге 10 млрд сом каралды. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу долбоорун капиталдаштырууга 8,6 млрд сом, энергетикалык компанияларды капиталдаштырууга 5 млрд сом жана башка чыгымдар каралды. Ишкердикти колдоо жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча конкреттүү каржылык чаралар каралды.
«2027-жылга бюджеттин башкы максаты — экономикалык өсүштү камсыздоо, калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана социалдык милдеттенмелерди аткаруу. Министрлер Кабинети бул милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыгууда. Албетте, алдыбызда чечүүнү талап кылган маселелер турат. Инфляциянын калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасирин азайтуу, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо, импортко көз карандылыкты кыскартуу жана инфраструктуралык маселелерди чечүү боюнча иштер күчөтүлөт», — деди ал.