Салтанат Аманова кесиптик билим берүүнүн абалы менен таанышты
Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова Ош шаарындагы Ош көп профилдүү колледжинин жана №16 кесиптик лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында эл өкүлү аталган окуу жайлардын жетекчилери жана эмгек жамааттары менен жолугушуп, окуу-тарбия процессинин уюштурулушу, ошондой эле квалификациялуу адистерди даярдоо багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат алды.
Жолугушууда кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана билим берүү процессин өркүндөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле окутуучулардын көйгөйлөрү, сунуш-пикирлери угулду.
Депутат Салтанат Аманова кесиптик билим берүүнүн өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгилеп, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо зарылдыгын айтты.
Эл өкүлү жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барарын билдирди.