Асыл тукум мал чарбачылыгына 271 млн сом насыя берилет
Мал чарбачылыгын колдоо жана асыл тукум малдын санын көбөйтүү максатында мамлекет тарабынан жыл аягына чейин 3 пайыздык үстөк чен менен кошумча 271 миллион сом жеңилдетилген насыя каражаты бөлүндү.
Насыя каражаттары «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет. Белгилей кетсек, жарандар насыя алуу үчүн онлайн форматта да өтүнмө бере алышат.
Ал үчүн IDYIKAN тиркемесин жүктөп, «Түндүк» аркылуу кирүү зарыл. Андан соң «Кызматтар» бөлүмүнөн «Агрокредиттөө» багытын тандап, тиешелүү насыя түрү боюнча электрондук арызды толтуруп, жөнөтүү керек.
Жеңилдетилген насыя ири мүйүздүү малдын, топоздун, жылкынын, кой-эчкинин бекитилген асыл тукум породаларын өстүрүүгө жана сатып алууга багытталган.
Мамлекеттик колдоо асыл тукум заводдорго, фермаларга, мал импорттоочуларга, техник-осеменаторлорго, фермердик чарбаларга жана жеке ишкерлерге жеткиликтүү.
Насыянын шарттары жана талаптары тууралуу кеңири маалыматты Айыл чарба министрлигинин 1210 Агро-колл байланыш борборунан, ошондой эле «АБанк» жана «Элдик Банк» мекемелеринен алууга болот.