Ала-Арчадагы баланын өлүмү иликтенүүдө
Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Ала-Арча аймагында жашы жете элек баланын каза болгонуна байланыштуу окуянын жагдайларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны өттү.
Жыйында издөө-куткаруу иштеринин уюштурулушу, тиешелүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги жана шашылыш кызматтардын өз ара аракеттенүүсү талкууланды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев окуя боюнча толук жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирип, ички иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгында адам фактору аныкталганын айтты. Анын маалыматына караганда, жардам көрсөтүү өтүнүчү диспетчердик кызматтын деңгээлинде калып калган. Учурда окуя боюнча аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Жыйында депутаттар куткаруучулардын кесиптик жана медициналык даярдыгын күчөтүү, үзгүлтүксүз окуу-машыгууларды өткөрүү, ведомстволор аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана издөө-куткаруу иштерин заманбап техникалар менен камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле туристтик маршруттарда коомдук-куткаруу постторун түзүү жана массалык жөө жүрүштөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.
Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов 7 миң метрден жогору жайгашкан тоо чокуларына чыгууга уруксат берүү тартиби каралып жатканын билдирди.
Комиссиянын төрагасы Улугбек Ормонов жыйындын негизги максаты окуянын себептерин ар тараптуу иликтөө, мамлекеттик органдардын ишине баа берүү жана келечекте мындай кырсыктардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу экенин белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, куткаруу кызматтарынын ишин жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.