Кыргызстанда 3D маммография аппараты ишке кирди
Улуттук онкология жана гематология борборунда 2 заманбап санариптик маммография аппараты ишке киргизилди. Алардын бири Кыргызстанда алгачкы жолу колдонууга берилген 3D маммография технологиясы менен жабдылган.
Жаңы медициналык жабдууларды тапшыруу аземи 25-ноябрда өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттик достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров, депутаттар Гүлкан Молдобекова, Гүлжан Сатиева жана Чолпон Эсенаманова, саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Рюити Хирано жана JICAнын өлкөдөгү туруктуу өкүлү Котаро Нишигата катышты.
Долбоордун жалпы наркы 1 миллиард сомго жакын. Аппараттар Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен алынып келинди.
Жаңы жабдуулар 2D жана 3D форматында маммографиялык текшерүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Айрыкча томосинтез технологиясы сүт безинин ткандарын катмар-катмары менен сүрөткө тартып, шектүү өзгөрүүлөрдү так аныктоого шарт түзөт. Мындай ыкма сүрөттөрдүн бири-бирине кабатталышын азайтып, диагностиканын тактыгын жогорулатат.
JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата долбоор Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабировдун кайрылуусунун негизинде ишке ашканын белгилеп, анын демилгесине ыраазычылык билдирди.
Ал эми саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов жабдууларды алып келүүгө көмөк көрсөткөн депутатка, Япониянын элчисине жана JICA өкүлүнө ыраазычылык айтты.
Белгилей кетсек, жаңы аппараттар эмчек безинин ооруларын, анын ичинде онкологиялык илдеттерди эрте аныктоого жана өлкөдө медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган.