Жогорку Кеңеште киберкылмыштуулук маселеси көтөрүлдү
26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында банк чөйрөсүндөгү жана интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат угулду.
Жыйында тиешелүү токтомдордун аткарылышынын жүрүшү талкууланды. Аталган документтердин демилгечиси, Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев алардын негизги максаты тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, расмий маалыматтар боюнча, банктык жана интернет-алдамчылыктан келтирилген жалпы зыян 1 миллиард 61 миллион сомду түзгөн.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар дропперчилик, жасалма телефон чалуулар, фишингдик шилтемелер, жеке маалыматтарды уурдоо жана интернеттеги алдамчылык жарнамалары боюнча суроолорду беришти.
Ошондой эле киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө техникалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, IT-адистерди тартуу, банктардагы коопсуздук системаларын күчөтүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.
Айрым депутаттар БУУнун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясын ратификациялоо жана Будапешт конвенциясына кошулуу боюнча иштерди тездетүүгө чакырышты.
Жыйында Улуттук банк, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү бул багытта аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү токтомдордун аткарылышы боюнча берилген маалыматтар эске алынды.