Кыргызстанга түрк инвестициялары тартылат
Бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түрк инвестициялык фондунун президенти Кубанычбек Омуралиев менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестиция тартуу, кызматташтыкты кеңейтүү жана келечектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык потенциалын тааныштырып, инвесторлордун укуктарын коргоо жана бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Инвестиция тартуунун негизги багыттары катары энергетика, транспорт жана логистика, туризм, агроөнөр жай комплекси, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана критикалык минералдар белгиленди.
Ошондой эле тараптар 2026-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун практикалык кадамдарын карашты.
Кызматташуунун алкагында инвестициялык демилгелерди илгерилетүү, долбоорлорду түзүмдөштүрүү жана биргелешип каржылоо, ошондой эле инвестиция тартуу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүү пландалууда.