Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугу артууда

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94

Кыргызстан энергетикалык потенциалын арттыруу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытында иштерди улантууда. Акыркы беш жылда өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто ГЭС пайдаланууга берилип, дагы ушунча объектинин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдын Циндао шаарында өткөн «Бир алкак – бир жол» энергетика өнөктөштүгүнүн Жетектөөчү кеңешинин биринчи жыйынында билдирди.Возможно, это изображение помост

Министр 2026-жылдын 25–26-ноябрында өткөн «Бир алкак – бир жол» демилгесине катышкан өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин төртүнчү конференциясына катышып, Кыргызстандагы энергетика тармагындагы жетишкендиктер жана келечектеги долбоорлор тууралуу баяндама жасады.

Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү 11,1 пайызды түзүп, бул Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болгон. Экономиканын өсүшү энергетикалык потенциалды чыңдоону жана жаңы кубаттуулуктарды түзүүнү талап кылат.

Алсак, өлкөдө Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегатын толук модернизациялоо аяктап, станциянын орнотулган кубаттуулугу 240 МВтка көбөйдү. Ошондой эле кубаттуулугу 1 860 МВт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу стратегиялык долбоору ишке ашырылууда.

Жыйында энергетика тармагындагы кызматташтыктын келечектеги багыттары да каралды. Анын ичинде жашыл энергетиканы өнүктүрүү, электр тармактарын жаңылоо, санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү маселелери талкууланды.Возможно, это изображение текст

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстандын өнөктөштүккө катышуусу энергетика тармагына инвестиция жана заманбап технологияларды тартууга, ошондой эле эл аралык биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X