Ниязбеков Казакстандын элчиси менен коопсуздукту талкуулады

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102

2026-жылдын 26-ноябрында ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Абылкаир Скаков менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгын кеңейтүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук тартибин сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Улан Ниязбеков эки өлкөнүн ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ыкчам маалымат алмашууну жана тиешелүү бөлүмдөрдүн ортосундагы байланыштарды чыңдоону сунуштады.Возможно, это изображение текст

Ошондой эле тараптар миграциялык жана административдик жол-жоболорду өркүндөтүү, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара каттамдары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелерине токтолушту.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты улантууга жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча биргелешкен ишти бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X