Бишкекте жер тилкелерин басып алууга каршы рейддер жүрүүдө
Бишкектин райондорунда жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу жана уруксатсыз курулуш жүргүзүү фактыларын аныктоо максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Мэриянын маалыматына ылайык, Биринчи май районундагы «Бугу-Эне-Багыш» конушунда жүргүзүлгөн текшерүүдө мыйзамсыз курулган 8 пайдубал аныкталып, тиешелүү кызматтар тарабынан буздурулду.
Ал эми Ленин районундагы «Алтын-Ордо», «Тынчтык», «Ата-Журт» жана «Кудайберген» конуштарында жүргүзүлгөн рейддерде уруксат берүүчү документтери жок курулуш жүргүзүү же өз алдынча курулуш иштерин баштоо фактылары катталган жок.
Ошондой эле Свердлов районундагы «Красный Строитель-2» конушунда жана Түндүк айланма жолдун түндүк тарабындагы жер тилкелеринде мыйзамсыз курулуштар аныкталган эмес.
Мэрия шаар тургундарын жер тилкелерин пайдаланууда мыйзам талаптарын сактоого, жерлерди өз алдынча басып алууга жана уруксатсыз курулуш жүргүзүүгө жол бербөөгө чакырды.
Рейддер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыгын аткаруу максатында бекитилген иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлүүдө.