Мектептердин абалын аныктоочу система иштелип чыкты
Бишкек шаарында «Коопсуз мектептерден улуттук инвестициялык программага карай» аттуу конференция өтүп, анда өлкөдөгү мектеп инфраструктурасын өнүктүрүү жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү маселелери талкууланды.
Иш-чаранын катышуучуларына мектеп инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын жана инвестициялардын планы тааныштырылды. Анда мектептердин биринчи кезектеги муктаждыктары, инвестицияларды пландаштыруу жана белгиленген иштерди ишке ашыруунун кийинки кадамдары каралды.
Конференциянын ачылышында Жогорку Кеңештин депутаты, тиешелүү комитеттин төрагасы Ырысбек Атажанов, агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Хью Ридделл сөз сүйлөштү.
Иш-чарада Дүйнөлүк банк каржылаган «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун жыйынтыктары да тааныштырылды.
Маалыматка ылайык, долбоордун инвестициялык программасына 40 мектеп киргизилген. Алардын 10у пайдаланууга берилсе, калган 30 мектепте долбоорлоо иштери аяктап, курулуш жүрүп жатат. Катышуучулар бул тажрыйбаны өлкөнүн башка мектептерин жаңылоодо колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Надира Джусупбекова долбоордун алкагында курулган мектептерде өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдардын теңтуштары менен бирге билим алуусуна шарт түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле имараттар жер титирөөгө туруктуу болуп, абанын сапатын көзөмөлдөө системалары менен жабдылганын айтты.
Мындан тышкары, министрдин орун басары Агартуу министрлиги өлкө боюнча мектеп имараттарынын абалын көзөмөлдөөгө жана талдоого мүмкүндүк берген «Мектеп инфраструктурасы» маалыматтык системасын иштеп чыкканын билдирди.
Анын айтымында, системада абалы жакшы мектептер жашыл, ал эми кооптуу деп табылган имараттар кызыл түс менен белгиленет.
Конференцияда коопсуз жана туруктуу мектеп инфраструктурасын түзүү боюнча Түркиянын тажрыйбасы да көрсөтүлдү. Иш-чаранын соңунда катышуучулар өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн сунуштарын карап чыгып, мындан аркы кызматташуу багыттарын талкуулашты.