Кыргызстан менен Португалия билим берүүдө кызматташат

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 78

2026-жылдын 26-ноябрында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Португалиянын Кыргызстандагы элчиси Жозе де Каштру Атаиде Амарал менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн жогорку билим берүү, илим жана инновациялар тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда университеттер аралык байланыштарды чыңдоо, студенттер менен окутуучулардын алмашуусун уюштуруу, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелерине көңүл бурулду.

Ошондой эле илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну даярдоо маселеси каралды. Анын долбоору 2026-жылдын 22-октябрында Бишкекте өткөн тышкы иштер министрликтер аралык консультациялардын алкагында португал тарапка берилгени белгиленди. Тараптар документти макулдашуу боюнча ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, санариптик технологиялар, жасалма интеллект, биотехнологиялар, жашыл технологиялар жана технологияларды трансферттөө багыттарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Туризм тармагына адистерди даярдоо жана тиешелүү окуу жайлардын ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери да каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Билим 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X